Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы референдумга добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы референдумга (жалпы элдик добуш берүү) добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
25-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек АШКга түшкөн бардык арыздарды жана даттанууларды караган жыйынтыктоочу жыйын өткөрдү. Жыйындын акырында Бишкек шаарынын шайлоо участкаларындагы Кыргыз Республикасынын референдумуна (жалпы элдик добуш берүү) добуш берүүлөрдүн корутундусун бекитти. Бишкектеги шайлоо участкаларында добуш берген шайлоочулардын саны 130 215 болду, алардын ичинен 78 854 шайлоочу “макул” деп добуш берсе, 46 996 шайлоочу “каршы” добуш берген.
Мындан тышкары Кыргызстандын чегинен тышкары добуш берген шайлоочулардын саны 3 168 болсо, алардын 2 484 “макул”, 668и “каршы” добуш берген.