SerepTV Logo

Жолдошунун каза тапканын укпай кете берди. Бексултан Жакиевдин жубайы да каза болду

Жолдошунун каза тапканын укпай кете берди. Бексултан Жакиевдин жубайы да каза болду
Бүгүн, 27-апрелде Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова каза тапты. Бул тууралуу туугандары билдиришти. «Ал ооруканада жаткандыктан, жолдошунун каза тапканы тууралуу айтылган эмес», - деп билдиришти алар. Бексултан Жакиев 25-апрелде коронавирустан көз жумган. Сөөгү 26-апрелде Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Буга чейин анын жубайы Сабира Турсункулова дагы вирус жуктуруп, ооруканада жатканы айтылган эле. Сереп Медиа агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Unknown Author