Жазуучу Бексултан Жакиевдин байбичеси Сабира Турсункулованы акыркы сапарга узатып жатышат
Бүгүн, 28-апрелде Бишкекте жазуучу Бексултан Жакиевдин байбичеси Сабира Турсункулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ал кечээ күнү 84 жаш курагында коронавирустан улам каза тапкан.
Сабира Турсункулова маданияттын эмгек сиңирген ишмери болгон. Өмүрүнүн 55 жылын Маданият министрлигинде иштөөгө арнаган.
Маркумду "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюшат.