Баткендин үч айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Баткен районунун үч айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-апрелден тарта Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда тургундар эвакуацияланып жатат.