Баткендиктер президенттин, өкмөт башчынын, УКМКнын төрагасынын келишин талап кылышууда (видео)
Баткендиктер президент Садыр Жапаровдун, премьер-министр Улукбек Мариповдун, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин окуя болуп жаткан жерге келишин талап кылышууда.
"Бийлик өкүлдөрү, урматтуу Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев! Эл сиздерге ишенип, 80 пайыз добуш беришкен. Ишеничти актап, чек арага келгиле. Премьер-министр Улукбек Мариповдун сөзүнүн айынан мына биздин жерибизди тажиктер басып кирип жатышат. Суунун башына ремонт кылдырбай жатышат. Бүгүн келиңиздер! Баткен облусуна келип, чечип бериңиздер! Саат 17:00гө чейин келиңиздер! Анысы аз келгенсип, кечээ эки камера коюптур. Анысы да биздин чек арада экен. Камераны алдыра албаган бийлик бул жерде эмне отурат", - дешти алар.