Баткенде октон жаракат алып, ооруканада жаткан өспүрүм. Жаңы жагдайлар
Буга чейин Баткенде 8 жаштагы бала октон жаракат алып, ооруканада жатканы маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ok-ichinen-kirip-belinen-chygyp-ketken-batkende-8-jashtagy-bala-jandandyruu-bolymyndo-jatat/">маалым болгон. Окуя боюнча УКМКнын Чек ара кызматынан маалымат беришти.
Маалыматка караганда, окуя 7-августта Баткен районундагы Миң-Өрүк айылына алыс эмес жерде катталган. Чек ара отряды Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөп жүргөн. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Уставынын талаптарын бузуу менен катардагы жоокер ок чыгарып, анын кесепетинен 2014-жылы туулган өспүрүм жаракат алган.
Жаракат алган өспүрүм Баткен шаарындагы ооруканага жеткирилген. 8-август саат 13:30га карата анын абалы канааттандырарлык.
Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилген. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.