Abank
SerepTV Logo

Баткен округу боюнча шайлоо. Бактыяр Калпаев талапкерлигин көрсөттү

Баткен округу боюнча шайлоо. Бактыяр Калпаев талапкерлигин көрсөттү
Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча "Комфорт Хаус" курулуш компаниясынын директору Бактыяр Калпаев талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. "28-апрелде ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтен арыз түштү", - деп айтылат маалыматта. №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 26-мартта аяктайт.

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси

Талапкердин ФАА Туулган датасы Ишинин түрү Көрсөтүү тиби Арыз тапшыруу датасы
1 Бегматов Алимберди Пайзиллаевич 30.04.1983 КР чек ара коомунун жетекчиси Өзүн өзү көрсөтүү 06.03.2024 16:48
2 Салихов Кенеш Каримович 04.11.1961 “Геопарк Мадыген” КФ директору Өзүн өзү көрсөтүү 11.03.2024 10:30
3 Калпаев Бактыяр Алиевич 09.07.1993 “Комфорт Хаус” ЖЧК директору Өзүн өзү көрсөтүү 11.03.2024 12:44