"Башка вакцина жок". Мэрия коронавируска каршы «SinoPfarm» вакцинасын сунуштоодо
Учурда коронавируска каршы эмдөөдөн өтчүлөргө «SinoPfarm» вакцинасы сунушталууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.
"15-июлга карата Бишкек шаарында 76 адамдан коронавирус аныкталган. Анын 95 пайызы жеңил формада өтүп, үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Учурда коронавирус күчөп баратканына байланыштуу жарандардын эмдөөдөн өтүүсүн сунуштайбыз. Эмдөө алгысы келгендер «SinoPfarm» вакцинасын алса болот. Ал эми «AstraZeneca», «Спутник-Лайт», «Moderna», «Pfizer» вакциналары учурда жок болууда", - деп жазылат маалыматта.