Баш калаада Бишкек баатырдын эстелиги ачылды
Баш калаада Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.
Президент бул Бишкек шаарынын тарыхындагы маанилүү окуя экенин белгилеп, шаардын көркүн арттырууга багытталган мындай аракеттер тарыхый эстеликтерге аяр, камкор мамиле жасоо менен коштолушу керек экенин белгиледи.
Эстеликти курууга акчаны «Бишкек баатыр» коомдук уюму 8 миллион сом чогулткан. Орнотуу иштери ушул жаздан тарта жүрүп баштаган. Скульптору - Адиль Сейталиев. Монументте «Бишкек Баатыр — Кыргызстандын борборун негиздөөчү» деген жазуу бар.
[gallery columns="1" link="file" size="large" jnewsslider="true" ids="37475,37476,37477,37479,37480"]
«Маселен, эл оозунда „Темир усталар сепили“ деп аталып жүргөн байыркы Жуль шаарынын калдыгын изилдеп, көп кечиктирбей Бишкек шаарынын тургундары суктанган, саякатчылар каттаган тарыхый-маданий бурчуна айландыруу зарыл. Анткени байыркы түрктөр менен согдулар түптөгөн, башаты бешинчи-алтынчы кылымга барып такалган Жуль шаарынын калдыгы — бизди байыркы маданияттар, анын ичинде Улуу Жибек жолу менен байланыштырып турган таберик. Учурдан пайдаланып, шаардын мэринен, маданият министринен Бишкек шаарынын тарыхый-маданий эстеликтерине көңүл бөлүп, кам көрүүнү өтүнөмүн».Бишкек баатырга эстеликти орнотуу сунушу 2018-жылдын жай айынан тартып жаңыра баштаган. Конкурска катышууга 18 арыз түшкөн. Монументти орнотууга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жай бөлүнгөн.