SerepTV Logo

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу убактылуу жабылды

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу убактылуу жабылды
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда саат 10:30да чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго убактылуу каттам үчүн салынган темир бетон шакекчелерди жууп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жол каттамы убактылуу жабык. Жерине Тоң райондук №38 ӨКБдан ыкчам топ жана "Арек-Строй" жол куруучу компаниясынын техникалары тартылган.

edita