"Балдары менен аялын тоого алып барып..." Укук коргоочу үй-бүлөлүк зомбулук боюнча үрөй учурган окуяны айтты
Жолдошу балдары менен аялын унаага салып, тоого алып барып коркуткан. Бул тууралуу «Сезим» кризистик борборунун юристи Ракыя Рахматова 7-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
"Мурдагы жылы келин бизге кайрылган. Биз ага психикалык жана юридикалык жардам көрсөткөнбүз. Иш сотко чейин жетти. Аламүдүн райондук соту тарабынан ал күнөөлүү деп табылган, алимент да чегерилген. Бирок күйөөсү 6 айдан кийин коркутуулар менен унаага балдары жана жубайын салып тоого алып барган. Ал келинге "мага кайрылып барбасаң, чогуу жок болобуз, туугандарың да жок болот" деп коркуткан. Ал макул болуп, жашап башташкан. 8 ай өткөн соң, ал катуу сабалган. Милицияга арыз жазылган. Кылмыш иши козголгон. Келин ооруканада жатты",- деди ал.