Royal
SerepTV Logo

Балдар укугу боюнча өкүл 13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салууда

Балдар укугу боюнча өкүл 13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салууда
Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева 13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салууда. Бул иш ошондой эле Башкы прокуратурасынын көзөмөлүндө турат. Көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча шектүүлөргө карата баш коргоо чарасы камакка алуу деп кабыл алынган жана тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү. Азыркы учурда иш кароо алдында турат. Өз кезегинде Асел Чынбаева жашы жете электерге карата мындай фактыларга көзөмөл күчөтүлөрүнө ишендирди.