SerepTV Logo

Тазабек Икрамов өкмөттү отставкага кетирчү убакыт келгенин айтты

Тазабек Икрамов өкмөттү отставкага кетирчү убакыт келгенин айтты
Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Тазабек Икрамов баалардын өсүшү, коронавирустан каза болгондордун саны көбөйүп жатканы боюнча сөз козгоду. Анын айтымында, өкмөттү оставкага кетирчү мезгил келди. "Мына коронавирустан каза болгондор катталып жатат. Булардын өлүмү үчүн ким жооп берет? Эмдөө жүрүп жатат. Эмделген адамдар бир нерсе болсо, ким жооп берет. Мен бул маселени көтөрдүм эле. Бирок жооп жок. Андан тышкары, азык-түлүктүн баасы кымбаттап жатат. Биздин ушул тармакты караган министрлик уктап жатат. Өкмөт, иштеген жоксуңар. Өкмөттү отставкага кетирчү убакыт болуп калды",- деди ал.
edita