Royal
SerepTV Logo

Атасын 9 жылдан бери издеген кыз: "Атамдын "кызым" деп эркелеткенин уккум келет. Аябай куса болдум"

Атасын 9 жылдан бери издеген кыз: "Атамдын "кызым" деп эркелеткенин уккум келет. Аябай куса болдум"
SUPERTV`га 9 жылдан бери атасын издеп жүргөн Динара Кулаева кайрылды. Ал “агам атамды күтүп жүрүп, ооруп каза болду” дейт. "Издеп келе жатканыбызга 9 жыл болду. Бирок 9 жылдан бери так маалымат уга элекпиз. "Ушул жерде жүрөт же ушул жерден көрдүм" деген бир да жаран болгон жок. Атам 2013-жылдын 28-январында үйдөн чыгып кеткен. Агамдын үйүнө барып, телефонун, СИМ-картасын таштап кетиптир. "Бишкектен Латвияга кийим алып барабыз" деген. Мен төрт кишинин номурларын жазып бергем. Бирок ошол бойдон байланышка чыккан жок. Атамды жумушка ким чакырганы да белгисиз", - дейт кызы. Ал айрым адамдар бизди "аны өзүңөр үйдөн чыгарып жибергенсиңер" деп күнөөлөшөт дейт. "Эки агам Бишкекке издегени барышты. Издешти, бирок табышкан жок. 2012-жылы Орусиядан Кыргызстанга киргени боюнча маалымат бар экен. Кийин "Кайдасың?" долбооруна катыштык. Ошондо "өзүңөр батырбай чыгарып ийсеңер керек" деп жазгандар болду. Так маалымат эч ким берген эмес. Атам эч ким менен урушкан эмес, акчага деле муктаж эмес болчубуз. Унаа, үйүбүз деле бар болчу. Кеткен себебин да айткан эмес. Анан эле дагестандык киши "Атаң биздин колубузда, биздин жаныбызда иштеп жүрөт. Бизге акча карыз, ушул сумманы төлөсөңөр, коё беришет" деп жазды. Биз ага ишенип, 4 миң рубль которгонбуз. Бирок акча түшкөн соң, телефонун албай койгон. Ал акчага муктаж болгон үчүн бизди алдап кеткен экен", - дейт Кулаева.  Динара Кулаева атасы үйүнөн чыгып кеткенде 5-класста окуганын, учурда турмушка чыкканына 2 жыл болгонун айтат. "Атама болгон кусалыгымды айтып бере албайм. Атамдын "кызым" деп эркелеткенин уксам дейм. Күндө жол карап күтөм", - дейт ыйлаган кызы.