Royal
SerepTV Logo

Аскар Акаев Майрам Акаеванын коштоосунда Казакстанга лекция өтүү үчүн келди (сүрөт)

Аскар Акаев Майрам Акаеванын коштоосунда Казакстанга лекция өтүү үчүн келди (сүрөт)
Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаев Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине келип, лекция өттү. Бул тууралуу университеттин сайтына жазылды. Кечээ, 19-июнда орун алган иш-чарага тунгуч президенттин жубайы Майрам Акаева да катышкан. Иш-чаранын аягында университеттин ректору Аскар Акаевге университеттин сыйлуу профессору деген наам ыйгарган. "Казак улуттук университети - Борбор Азиядагы мыкты университет. Көптөгөн окуу жайларга жогорку деңгээлге жетүү үчүн ондогон жылдар талап кылынат. Аль-Фараби атындагы жогорку окуу жай учурдун талабына жооп берет деп ойлойм", - деген өз сөзүндө Аскар Акаев.  Эртең, 21-июнда анын "Санаприптешкен экономика" темасында экинчи лекциясы өтмөкчү. Буга чейин Аскар Акаевдин Казакстандагы университетке лекция окуу үчүн келери маалымдалган." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/askar-akaev-kazakstanga-lekcziya-okugany-kelet/">маалымдалган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="119047,119048,119049,119050,119051,119052"]