SerepTV Logo

Асел Кененбаева Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Асел Кененбаева Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Асел Кененбаева Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын информациялык технологиялар боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал бүгүн, 26-апрелде эмгек жамаатка тааныштырылды. Ага чейин аталган кызматта Азат Ибраимов иштеп келген. Ал өзү жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулган. Асел Кененбаева буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин директорунун техникалык маселелер боюнча орун басары кызматында эмгектенчү.