SerepTV Logo

"Аруузатка «Золгенсма» дарысы жардам берген эмес" деген кызматкерге чара көрүлдүбү?

"Аруузатка «Золгенсма» дарысы жардам берген эмес" деген кызматкерге чара көрүлдүбү?
17-марттагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында «Кыргызфармация» ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Наргиза Тохтасинова омуртка булчуң атрофиясы (СМА) менен жабыркап, «Золгенсма» дарысын алган Аруузатка дары жардам бербегенин айткан. Бүгүн, 23-июндагы комитет жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовдон элди адаштырган кызматкерге чара көрбүлдүбү же жокпу сурады.  "Тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болот",- деп жооп берди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары. "3-4 ай болду. Жыйынтыктарды чыгаруу үчүн бир жыл керекпи?",- деп депутат нааразылыгын билдирди. Наргиза Тохтасинова «Золгенсма» сайышкан. Сайгандан кийин дары жардам бербеген себептен «Рисдиплам» дарысына өтүшкөн. Азыркы учурда Аруузат «Рисдиплам» менен өзүн жакшы сезип келе жатат», — деген. «Кыргызфармация» ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучусунун жогоруда айткан сөзү боюнча Аруузаттын апасы үн катып, жалган маалымат экенин билдирген. Дал ошол учурда Кыргызстанда СМА менен ооруган 3 бөбөккө аталган уколго акча чогултулуп жаткан.