Артем Новиков республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Эмнелер айтылды?
Биринчи вице-премьер Артем Новиков Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйын алкагында өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, ооруканалардын дары-дармек каражаттары жана жабдуулар, медициналык кызматкерлер менен камсыздалышы боюнча актуалдуу маселелер, ошондой эле COVID-19 чалдыккан бейтаптар үчүн жаңы орундарды ачууга карай даярдыктар маселеси талкууланды.
«Республика боюнча, анын ичинде Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгы байкалууда. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Биз күнүнө COVID-19 чалдыккандардын саны 400 учурга жетип жаткан учурга кабылдык.
Өлкөдө аталган вирустун жаңы штаммдары катталууда. Бардык иш-аракеттер кайталоолорду четтетүү үчүн так координацияланышы кажет. COVID-19 кабылгандардын саны Бишкек шаарында байкалып жаткандыгын эске алуу менен, медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25ке чейин жогорулатуу, кошумча Медициналык тез жардамдарды ишке киргизип, келерки жумадан тарта кошумча стационарларды ачуу зарыл», - деди Новиков.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Мусулмандар диний башкармалыгына намаз жана ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотуу тууралуу маселени карап чыгуусун сунуштайт. Ошондой эле театр, кинотеатрлардын толтурулушу 50 пайыздан ашпастыгын тыкыр көзөмөлдөө жана массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүн чектөө зарыл. Бул чаралар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу зарыл болууда.
Артем Новиков белгилегендей, президенттин Орусияга барган сапарынын жүрүшүндө жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашууларга ылайык, жооп кайтаруунун тийиштүү пландары кабыл алынып, өлкөгө «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы алып келинди. Ошондой эле кытай вакцинасы менен вакцинациялоо жүрүүдө. COVID-19 алдын алууга жана тобокелдик тобундагыларды вакцинациялоого өзгөчө көңүл буруу керек. Абал күн сайын көзөмөлдө болушу керек.
Штаб жыйынынын соңунда COVID-19 кабылган бейтаптарды дарылоо жана оорунун алдын алуу боюнча алгоритмди, стационарлардын дары-дармектер, коргоо каражаттары жана кычкылтек берүү тутуму менен камсыздалышын мониторингдөө жана контролдоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.