Костюм-шымды формага алмаштырган Артем Новиков. Ал эвакуацияланган тургундар менен жолукту (сүрөт)
Биринчи вице-премьер Артем Новиков Баткен облусунун чектеш айылдарынын эвакуацияланган тургундарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Артем Новиковго маалымдалгандай, Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө, Миң-Урук, Миң-Булак, Паска-Арык, Самаркандек, Достук, Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарынан жалпысынан 7093 жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ал эми 6079 тургун туугандарыныкына жайгаштырылган.
Маалыматка караганда, эвакуацияланган тургундар коопсуз жерге жайгаштырылып, ысык тамак жана тийиштүү зарыл буюмдар менен камсыздалган.
Президент Садыр Жапаров өткөргөн ыкчам кеңешмеде биринчи вице-премьер Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган. Учурда ал Баткен облусунда жүрөт жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоодо.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="42102,42103,42104,42105"]