SerepTV Logo

"Апрелдин" журналисти айылдагы үйүнө милиция кызматкерлери барып кеткенин билдирди

"Апрелдин" журналисти айылдагы үйүнө милиция кызматкерлери барып кеткенин билдирди

«Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметов анын туугандарына милиция тараптан коркутуулар болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу журналист соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Балыкчыдагы төрөлүп-өскөн үйүнө милиция кызматкерлеринин жоон тобу келген. «Мен бул тууралуу бүгүн кокусунан билип калдым. Окуя 2 жума мурун болуптур. Туугандарым телефон тыңшалып жатабы деп коркуп, мага айтпай жүрө беришиптир», - дейт Каниметов.

Милиция кызматкерлери түнкү саат 11лерде келип, туугандарынан Каниметовдун кайда жашарын сурашкан. «Алар мени сурактарга келбей жатат, ошон үчүн жашаган жерин тактап жүрөбүз дешиптир. Менин УКМКга бир гана жолу суракка чакырылганымды жана аларга эч маселе жаратпай эле барып бергенимди баарыңар билесиңер да. Суракка 1,5 ай мурун - 11-мартта баргам, булар болсо, менин Балыкчыдагы үйүмө 2 жума мурун барып кетишиптир», - дейт журналист. Анын айтымында, милиция кызматкерлеринин бири эжесин үйдү тинтип чыгабыз деп коркуткан. «Алар эмнеге таянып, бул үйдү тинтиген атышат? Менин бул даректе жашабаганыма 18 жыл болду, былтыркы жылдан бери ал жактан каттоодон да чыгып кеткем. Тергөө иштерин кайсы негизде жүргүзүп жатышат? Же менин үстүмөн иш козгошуп, менин андан кабарым жокпу?» - дейт ал. Каниметовдун айтымында, милиция кызматкерлери анын кошуналарынан да ал тууралуу сураштырган. Журналист мунун баары  "Апрель" телеканалы азыркы бийликти сындап жатканы менен байланыштуу деген оюн билдирди.

Unknown Author