SerepTV Logo

Министр: "Уу коргошунду туура пайдаланууну Садыр Жапаровго атасы үйрөтүп кеткен экен"

Министр: "Уу коргошунду туура пайдаланууну Садыр Жапаровго атасы үйрөтүп кеткен экен"
"Садыр Жапаровдун атасы Нургожо балдарынын ичинен ушу Садыр Жапаровго уу коргошунду туура пайдаланууну үйрөтүп кетиптир. Жапаров кандай дозада адамга анын зыяны тийбей турганын билет. Биз 15 күндөн бери Жапаров өзү дозасын кандай кылыш керектигин көрсөтүп берип жатат. Биз аны кайнатып туруп, 3-5 литрлик бөтөлкөгө куюп, жеткирип жаттык. Мен өзүм барып, ооруп жаткандарга бердим. Ооругандардын уйкусу да жакшы болуп жатат. Эртеси күнү бизден дагы бергиле деп суранышууда. Кыйналып, бронхит, пневмония болуп жаткандар 3 күн ичкенден кийин айыгып жатышат. Учурда бул ыкма менен 300 бейтапты айыктырдык", - деди ал. Мындан тышкары, ал бул ыкмага өзү керт-башы менен жооп берерин айтты.
edita