SerepTV Logo

Алымкадыр Бейшеналиев: "Лейлек району анклавга айланды. Жарандарга тез арада азык-түлүк керек"

Алымкадыр Бейшеналиев: "Лейлек району анклавга айланды. Жарандарга тез арада азык-түлүк керек"
Лейлек району анклавга айланды. Ал таптакыр байланышсыз бөлүнүп калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди. Маалыматка караганда, райондо 25 миң 418 тургун бар, 7 миң 642 үй-бүлө, анын ичинен балдар - 13 миң 448. "Аларга кечээ жеткирилген 54 тонна гумжардам 2 күнгө эле жетет. Тик учак менен болсо да азык-түлүктү жеткирүү керек. Аталган районго кирүүгө азырынча мүмкүн болбой жатат. Азык-түлүктөн тышкары эң негизгиси балдарга памперс керек. Учурда балдардын арасында ооруп жаткандары да бар", - деди ал.