Алымкадыр Бейшеналиев: "Эмдөөдөн биринчи журналисттер өтүшү керек"
Эмдөөдөн биринчи журналисттер өтүшү керек. Себеби журналисттер көп элдер менен жолугасыздар, ошолордун өмүрүн сактайм десеңиздер эмдөөдөн өткүлө. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдириди.
Мындан тышкары ал, жакынкы болуп өткөн шайлоодон кийин коронавирустун жайылышы күчөп жатканын билдирди. Ал шайлоо учурунда санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбаганына, учурда да коомдук транспортто эрежелер сакталбай жатканына нааразы болду.