Бейшеналиев: "Биз эмне үчүн ДССУга баш ийишибиз керек?"
Биз эмне үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна баш ийишибиз керек? Мындай оюн бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Кыргызстан деген өзүнчө өлкө. Кыргызстан да башка өлкөлөрдөй эле өзүбүздөн чыккан дарыларды өзүбүз каттоодон өткөрсөк болот. Тияктагыларды угуп, отура берелиби? Азыр ар бир өлкө өзүнүн протоколун чыгарып жатат. ДССУ жөн гана сунуштама берет", - деди ал.
Ал мындан тышкары, 12-13 күндөн бери уу коргошунду колдонуп келе жатышканын айтты.