Министр: "Азыр биз жасап жаткан уу коргошундан адам өлүмү катталса, мен жооп берем"
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда маалымат жыйын өткөрүп жатат. Анда ал президент экөө жасап жаткан коронавируска каршы дары боюнча маалымат берип жатат. Министр түз эфирде уу коргошун да ичти. Ошол эле учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.
Журналист: Эгер сиздер жасап жаткан уу коргошунду ичкен адам каза болуп калса, ким жооп берет?
Министр: Учурда бул дарыны көпчүлүк жерде үй шартында да жасашат. Эгер адам өлүмү үй шартында жасалган уу коргошундан катталса, анда аны жасаган жана саткан адам жооп берет. А эгерде биз жасаган уу коргошундан каза болсо, анда мен жооп берем.
Мындан тышкары, ал уу коргошунду кайсы ооруканаларда берип жатканын айтты.
- Улуттук госпиталь;
- Жугуштуу оорулар республикалык ооруканасы;
- Токмок шаардык ооруканасы;
- Ош облустук ооруканасы.