Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттамдар көбөйтүлдү
Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан маалымдашты.
SCAT авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарып жатат. Буга чейин аталган авиакомпания Алматыдан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна каттамдарды дүйшөмбү жана жума күндөрү гана аткарып келген.