Али Токтакунов: "Тергөөчү Айзаданын апасына "сарсанаа болбогула, той жейсиңер" деп айткан"
Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын апасы тергөөчүгө чалса, тергөөчү "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлгөн. Бул тууралуу Али Токтакунов Айзаданын апасы Назгүл Шакеновага шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Анын айтымында, милициянын курамында мындайлар жүздөп саналат.
"Ала качуунун курмандыгы Айзаданын апасы Назгүл Шакенова "Милицияга, тергөөчү Уларбекке эмне болгонун сурап чалдык. Иштеп атабыз деген. Уларбек деген тергөөчү "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлдү" деп айткан...
Мына, биздин милициянын жүзү. Мындайлар жүздөп саналат. Министр өзү ушинтпейт деп кепилдик бере албайсың. Министрди отставкага кетирип, милицияда терең реформа жасап, ала качууга каршы мыйзамдарды катаалдатып, адам уурдоого теңеп, тосмо арызга жол ачпаш керек. Коом ойгонуп, ала качууну жээрип, мажбур никени болтурбашы зарыл. Ушуга жетишүү үчүн дагы канча кыз өлүп, канчасы майып болушу керек?!"- деп жазды ал.