SerepTV Logo

Али Токтакунов: "Бурулайдын өлүмүнө көңүл бөлүнбөгөн үчүн окуя кайталанды"

Али Токтакунов: "Бурулайдын өлүмүнө көңүл бөлүнбөгөн үчүн окуя кайталанды"
ИИМ имаратынын алдында министрдин отставкасын талап кылган митинг уланып жатат. Акцияга жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар катышууда. Жарандык активист, журналист Али Токтакунов Бурулайдын өлүмүнө көңүл бөлүнбөй калган үчүн бул окуя кайталанып отурат деген ойдо. «Өзүнүн түздөн-түз милдетин аткара албаган министр кетсин! Биз унчукпай салык төлөйбүз, унчукпай айып пул төлөйбүз. Кана анан мамлекеттин элдин коопсуздугун камсыздаганы? Менин солкулдаган карындаштарым бар, бойго жетип келаткан. Кечээки окуяларды көрүп, Бурулайдын өлтүрүлүшүн көрүп, менин муунум калчылдап турат. Мен эми колума курал алып, карындаштарымды өзүм коргошум керекпи? Биз коопсуз, корголгон коомдо жашашыбыз керек. Эгерде бюрократия болбогондо, кайдыгерлик болбогондо, Айзаданын өлүмүнүн алдын алып калса болот эле. Эмнеге бул министр кызматтан кетиши керек? Себеби дегенде Бурулайдын окуясына жетиштүү көнүл бурулган эмес. Бурулай өлтүрүлгөндө жетекчилер жаза алган эмес. Ошон үчүн окуя кайра кайталанып атат. Азыр бул министр отставкага кетирилсе, кылмыш жасагандар топ-тобу менен жоопко тартылса, мындай көрүнүштүн алдын алууга, кыздарды ала качууну азайтууга, аялдарга карата зомбулукту токтотууга жол ачылат», - деди Али Токтакунов.  Чогулгандардын саны улам көбөйүүдө. Алардын алдына ИИМ жетекчисинин орун басары чыкты. Иш-чара катышуучулары министрдин өзүнүн келишин талап кылып, ага көпкө чейин сөз бербей, "уят" деп кыйкырып атышты. Акырында ал кетүүгө аргасыз болду. Чогулган кыздар "Я не хочу быть убитой" деп кыйкырып жатышат.
Unknown Author