SerepTV Logo

Аламүдүн районунда 46 жаштагы Руслан Сыдыков дайынсыз жоголду

Аламүдүн районунда 46 жаштагы Руслан Сыдыков дайынсыз жоголду
Аламүдүн районунда 46 жаштагы Руслан Сыдыков изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 8-апрелде Ленин районундагы үйүнөн чыгып, Аламүдүн айылында унааны ижарага алган да, ошол боюнча дайынсыз жоголгон. «Алынган ыкчам маалыматтарга караганда, дайынсыз жоголгон киши кумар оюндарына кызыкчу. Андан тышкары аны бир нече күн мурун Ош базарынын аймагынан көрүшкөнү тууралуу маалымат алынды», — дешти милициядан. Изделип жаткан кишинин өзгөчө белгилери: оң буту аксап басат, курсагында сокур ичегиден калган 10 см тырыгы бар. Милиция көрүп-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылууну өтүнөт: 0709 21 18 08,0550 34 33 63 и 0778 00 09 99.
Unknown Author