SerepTV Logo

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмү боюнча өкмөт башчы үн катты

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмү боюнча өкмөт башчы үн катты

Кыздарды никеге турууга мажбурлоо максатында уурдап кетүү - бул кылмыш, мындай кадамга баргандар сөзсүз түрдө жазаланышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул адамга каршы жасалган мыйзамсыз иш-аракет жана буга эч кандай актоо жок.

«Биринчиден, мен адам катары, мырза жана ата катары, Айзаданын башына түшкөн трагедиялуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул биздин жалпы кайгыбыз. Маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Күнөөлүүлөрдүн бардыгы адилеттүү жана катаал жазага тартылышат.

Биргелешип аракеттенүү менен гана биз аялдардын укуктарын басмырлоого каршы тура алабыз. Ала качуу - салт эмес, кылмыш болуп саналат жана биз муну өлкөбүздүн ар бир адамына жеткиришибиз керек ”, - деди премьер-министр.

edita