11-апрелге карата коронавирус жуктурган 208 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 136, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда – 44, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 10, Жалал-Абад — 7, Ош облусунда — 1 бейтап бар.
Соңку сутканын ичинде илдеттен 3 бейтап көз жумду. Адам өлүмү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталды.
2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 90 миң 227 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 522 адам өмүрү менен кош айтышты.
Акыркы суткада өлкөдө 208 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду