Акыркы суткада бир да адам эмдөөдөн өткөн жок
Акыркы 24 сааттын ичинде Кыргызстанда COVID-19га каршы бир да адам эмделген жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 2 миң 148 адам эмдөөдөн өттү. Алар:
- Бишкек шаарында — 350
- Ош шаарында — 349
- Чүй облусунда — 239
- Ош облусунда — 724
- Ысык-Көл облусунда — 119
- Нарын облусунда — 310
- Жалал-Абад облусунда — 40
- Баткен облусунда — 17