Акыркы суткада 477 адамдан коронавирус аныкталса, 8 адам көз жумду
Акыркы бир суткада Кыргызстанда 477 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Буул тууралуу бүгүн, 1-майда саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Аймактардан адаттагыдай Бишкек алдыда. Борбор калаада — 255, Чүй облусунда — 155, Ош шаарында — 8, Ош облусунда — 3, Ысык-Көл — 28, Нарында — 9, Таласта — 5, Жалал-Абадда - 14. Оору катталгандан бери вируска чалдыккандардын жалпы саны 95 миң 752 кишиге жетти.
Анын айтымында, акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 8 адам көз жумган. Адам өлүмү Бишкек шаарында (5), Чүй (2) жана Ысык-Көл (1) облустарында катталган.