Акыркы сутка ичинде коронавирус илдети 380 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте 246, Чүй облусунда 91, Ош шаарында 14, Ош облусунда 5, Ысык-Көлдө 15, Жалал-Абадда 5, Нарында 2, Баткенде 2 киши ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдөгү жалпы көрсөткүч 93 миң 6 адамга жетти.
Ал эми акыркы сутка ичинде 5 киши каза болду. Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда катталган. Ошентип оорудан жакшы боло албай көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 566 кишиге жетти.