SerepTV Logo

Акыркы суткада 272 адамдан коронавирус аныкталса, 7 бейтап көз жумду. Статистика

Акыркы суткада 272 адамдан коронавирус аныкталса, 7 бейтап көз жумду. Статистика
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдети 272 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Аймактарга алып карасак, Бишкекте 148, Чүй облусунда 86, Ош шаарында 6, Ош облусунда 4, Ысык-Көлдө 18, Жалал-Абадда 4, Нарында 3, Баткенде 1, Таласта 2 киши ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдөгү жалпы көрсөткүч 93 миң 278 адамга жетти.
Ал эми акыркы сутка ичинде 7 киши каза болду. Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарында, үчөө Чүй облусунда катталган. Ошентип оорудан жакшы боло албай көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 573 кишиге жетти.
edita