Abank
SerepTV Logo

Акылбек Жапаров УКМКнын төрагасынын орун басары камакка алынганын айткан. Ал өзү ким?

Акылбек Жапаров УКМКнын төрагасынын орун басары камакка алынганын айткан. Ал өзү ким?

11-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Дордой” азык-түлүк базарынын ишкерлери менен жолугушкан" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/akylbek-japarov-bazarga-baryp-kkm-maselesi-boyuncha-soodagerler-menen-syiloshty/">жолугушкан. Анын видеосу Министрлер кабинетинин баракчасына жарыяланган.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин жана президент Садыр Жапаровдун саясатын түшүндүрүп берген эле. Ал ошондой эле УКМКнын төрагасынын орун басарларынын бири кызматынан бошотулуп, камакка алынганын айткан. Бүгүн, 14-июнда Министрлер кабинети маалымат таратып, кеп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Жанибек Жоробаев тууралуу болгонун билдиришти. 

"Аталган жетекчиге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын алкоголдук тармактагы ири субъектилердин ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги аныкталган. Буга байланыштуу аны ээлеген кызматынан бошотуу чечими кабыл алынган. Убакыттын өтүшү менен алкоголдук тармактан түшкөн салыктын көлөмүнүн өсүшү байкалган. Буга байланыштуу Акылбек Жапаровдун сөздөрүн туура чечмелөөнү өтүнөбүз", - дешти алар.