SerepTV Logo

Айзаданын Балыкчыдагы үйүндө боз үй тигилип жатат

Айзаданын Балыкчыдагы үйүндө боз үй тигилип жатат
Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындары Балыкчыда аны жерге берүү зыйнатына даярданып жатышат. Бул тууралуу Turmush агенттиги жазып чыкты. "Учурда үйдүн алдында боз үй тигип жатышат. Сөөктү алып келише элек. Саат 15:00дөргө келип калышат дешти», - деп айтышкан кошуналары. Алардын айтымында, Айзаданын ата-энеси ажырашып кетишкен. Апасынын жалгыз кызы таята-таенесинин колунда өскөн. Балыкчы шаарындагы мектепти бүтүргөн. Ал тарбиялуу жана боорукер болчу. Ал эми Бишкекте Айзаданын өлүмүнө жооптуу ИИМ кызматкерлери жооп беришин талап кылган митинг өтүп жатат.
Unknown Author