SerepTV Logo

Айзаданы өлтүрүүгө шектелген жигиттин апасына жөнөткөн аудио билдирүүсү тарады

Айзаданы өлтүрүүгө шектелген жигиттин апасына жөнөткөн аудио билдирүүсү тарады
Ала качууга дуушар болуп, кийин киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлтүрүүгө шектелген жигиттин апасына жөнөткөн аудио билдирүүсү тарады. "Апа, тынч болуңуздар. Менден өткөн күнөө болсо, кечирип коюңуздар. Мен сиздерди каякта болбоюн, аркы дүйнөдө боломбу, өмүрүңүздөр узун болуп, көп жашашыңызды Кудайдан тилейм. Ушундай бала болуп төрөлүп калганыма кечирим сурайм. Апа, мен сүйүп калдым. Мен Айзадасыз жашай албайм. Айзаданы ушунча күттүм. Башкадан баштайлы, башкадан жашайлы дедим болбоду. Күт деди. Макул деп күттүм. Экинчисинде дагы алдап, дагы күт деди. Үчүнчүсүндө ишене ала турганым калган жок. Азыр жанымда отурат. Дагы суранып жатат, жалганды айтып... Мени акыркы жолу угуп жатасыздар. Баарыңыздарга рахмат. Мен сиздерди кечирдим, сиздер да мени кечирип коюңуздар..." - деп айтылат аудио билдирүүдө. [video width="1440" height="810" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/10000000_4142174775814285_8114653195319886787_n.mp4"][/video]
admin@supertv.kg