Айзада Канатбекованы өлтүрүүгө шектелген жаран түрмөдө 6,5 жыл отуруп чыккан
Бишкек ШИИББ кызматкерлери бүгүнкү маалымат жыйында Айзада Канатбекованын өлүмүнө шектүү Замирбек Теңизбаевдин аты-жөнү тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 1985-жылкы Замирбек Теңизбаев Орусиядан Кыргызстанга 2017-жылы келген. Инисинин сөзү боюнча Орусияда киши тоногону үчүн соттолуп, ал жактын түрмөсүндө 6,5 жыл отуруп чыккан.
«Иниси мурда анын үй-бүлөсү, эки баласы болгонун айтты. Бул маалымат биздин кызматкерлер тарабынан текшерилип жатат. Шектүү Кыргызстанга келгенден бери такси кызматында иштеген. Акыркы убакта туруктуу жашаган жери жок, унаасында түнөп жүргөн», - дешти милициядан.