Айсулуу Мамашова Айзаданын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин беренесин өзгөртүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Айзаданын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин беренесин өзгөртүүнү сунуштады.
Анын айтымында, кызды ала качкан жаран аны үйүнө алып барган эмес жана анын жанында бычагы болгон.
"Мен ички иштер министрине кайрылат элем. Мен буга чейин зордук-зомбулук боюнча көп жолу сөз козгогом. Бул башаламандыктын жеткен чеги. Аял адам эмеспи? Келгиле анда, аял министр тандайлы", - деди ал.