SerepTV Logo

Айрым аймактарда жаан жаайт. 1-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Айрым аймактарда жаан жаайт. 1-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 1-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22; Талас облусунда түнкүсүн +7…+12; күндүз +16…+21; Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +22…+27; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19; күндүз +22…+27; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12; күндүз +14…+19; Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9; күндүз +16…+21; Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +11…+13 градус, күндүз +20…+22 градус болот.