Айнура Сегизбаева: "Абдил Сегизбаевге дагы бир кине койгон атышат"
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге дагы бир - курал менен сыйлоо кинесин койгон атышат. Бул тууралуу Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева билдирди.
Анын айтымында, Сегизбаев бул ишке кол коюудан баш тарткан.
"2017-жылы УКМКнын 3 кызматкери Кыргыз Республикасынын премьер-министринин (Жээнбеков) чечими менен курал менен сыйланышкан. Бул өкмөттүн жана премьер-министрдин чечими болгон. Бүгүн алар бул үчүн Абдил Сегизбаевди күнөөлөөнү чечишти. Абдил ишке кол коюудан баш тартып, туура иш жасады", - деп жазды ал.
Абдил Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу. Кийинчерээк Башкы прокурор Курманкул Зулушев ага карата 6 кылмыш иши козголгонун айткан эле. 27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калтырылган болчу. 19-мартта ошол эле райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, аны 25-майга чейин камакта калтырган.