SerepTV Logo

"Аймакта ок аткан учурлар жок". Кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдар жасалууда

"Аймакта ок аткан учурлар жок". Кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдар жасалууда
Чек арадагы кырдаалды турукташтыруу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. "Эки тарап тең бир бирине пикирлерин ачык айтып, кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатышат. Облус башчылары буга чейин макулдашкандай, биринчи кезекте ок атууларды толугу менен токтотууну жана кагылышуулардан жапа чеккен аймактардан өздөрүнүн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүшүүдө. Ошондой эле эки тараптан тең тосулган унаа жолдорун ачып, каттамды калыбына келтирүүнү сүйлөшүштү. Азыркы тапта аймакта ок аткан учурлар жок", - деп айтылат  маалыматта.