Royal
SerepTV Logo

Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашуудагы туннель аркылуу өтүүгө чектөөлөр киргизилди

Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашуудагы туннель аркылуу өтүүгө чектөөлөр киргизилди
Кусейин Көлбаев атындагы туннелде оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унааларга маал-маалы менен чектөө киргизилүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Бишкек-Ош унаа жолундагы туннелдин ичинде жарык берүүчү чырактарды орнотуу иши жүрүп жаткандыгына байланыштуу, унаалар үчүн маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилип турат. Урматтуу жарандар жана айдоочулар, оңдоп-түзөө иштерин түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз", - деп билдиришет ӨКМнын басма сөз кызматынан.