Abank
SerepTV Logo

Айдоочуларга эскертүү! Бишкек-Ош жолундагы туннель убактылуу жабылды

Айдоочуларга эскертүү! Бишкек-Ош жолундагы туннель убактылуу жабылды
Кусейин Көлбаев атындагы туннель убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады. "Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы туннелдин ичинде оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, саат 14:05тен тартып жол эки тараптуу убактылуу жабылды. Урматтуу айдоочулар, жүрүп жаткан оңдоо иштерин түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз! Жолдун ачылышы тууралуу маалыматты ӨКМнын 112 номерине чалып, так маалымат алсаңыздар болот", - деп жазылат маалыматта.