SerepTV Logo

Аида Касымалиева ИИМ өкүлдөрүнө: "Силердин ишти журналисттер менен чабан аткарып койду"

Аида Касымалиева ИИМ өкүлдөрүнө: "Силердин ишти журналисттер менен чабан аткарып койду"
Бул иште шалаакылык көрүнүп эле турат. Силердин ишти журналисттер менен чабан кылып койду. Мындай пикирин бүгүн, 8-апрелде ЖКнын жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева билдирди. Ал ИИМ өкүлдөрүнө "Ишти так аткарууга системалык кайсы жерден, эмне көйгөй болуп жатат?" деген суроо узатты. "Иш башынан эле жакшы багытта жүрүп келаткан. Бирок биз Кара-Балтадабыз деп чалганда иш башка нукка бурулуп кеткен. Анан ошол жакты тактагыча ушундай болуп кетти",- деди ИИМ башчысы. Аида Касымалиева: А эмне үчүн башында ала качуу деп карадыңар? Бул эмне адам уурдоо деп каралбайбы? Улан Ниязбеков: Бул окуяда экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн экен... Биз ошондо эле адам уурдоо деп эле каттаганбыз. Аида Касымалиева: Ошол апасына ачуу басар келет, күйөө балалуу болосуңар деп ким айткан? Кайсы кызматкер? ИИМ өкүлү бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын айтты. Аида Касымалиева: Муну 1 ай тактайсыздарбы? Ал кызматкерлердин аты-жөнү жүрөт жазылып. Силердин жумушту журналисттер менен чабан жасап койду. Аны силер коргобоңуздар!
edita