Адинай Мырзабекованын ата-энеси Ден соолук паркына бак отургузушту
Бишкектин Ден соолук паркында ыктыярчы кыз Адинай Мырзабекованын элесине арналган бак-дарак отургузулду. Кыздын ата-энеси жана туугандары паркта ишембилик өткөрүп, бак отургузуп кетишти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
22 жаштагы Адинай Мырзабекова 2020-жылы Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы курчуп турган чакта каза тапкан. Ал Бишкекте күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан. Кийин ага «Эрдик» медалы ыйгарылган жана ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил бакка коронавируска каршы күрөшкө салым кошкон дарыгерлер менен ыктыярчылардын элесине арнап Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуш кылган.