Royal
SerepTV Logo

Абитуриенттерге маалымат! ЖОЖдорго кабыл алуунун графиги бекилди

Абитуриенттерге маалымат! ЖОЖдорго кабыл алуунун графиги бекилди
Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекитти. Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоонун турлары:
I туру - 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;
II туру - 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;
III туру - 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;
IV туру - 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;
V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин. Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырасташы керек. Эгерде бош орундар калган болсо, 22-23-24-августта окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет. ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн абитуриент “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун
target="_blank" rel="nofollow noopener noreferrer">https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.