"Абалдары жакшы". Кара-Буурада эки адамдын күйдүргүгө кабылганы тастыкталды
Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында шектелген эки адамдын күйдүргүгө кабылганы тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.
"Күйдүргүгө шектелген 4 адамдын арасынан 2өөнүн анализи тастыкталды. Пациенттердин учурда абалы жакшы. Керектүү дарылоону алып жатышат. Келерки жума ооруканадан чыгарылып калат. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемеси да тийиштүү иш-чараларын жүргүзүүдө", - деди министрлик.
Кечээ, 14-июлда Кара-Буура районунда 4 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылганы айтылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/talasta-kyidyrgygo-shektelip-4-adam-oorukanaga-jatkyryldy/">айтылган.