Abank
SerepTV Logo

Аба ырайына байланыштуу ӨКМ айдоочуларга кайрылды

Аба ырайына байланыштуу ӨКМ айдоочуларга кайрылды
ӨКМ айдоочуларга кайрылып, ашууларда жол тайгак болорун билдирди. 24-25-февралда күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: - Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 55-115-чакырымында; - Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымынын Долон ашуусунда; 353-357 чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда; - Казарман — Ак-Тал — Чат автоунаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкесинде; - Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда жолдор тайгак болуп муз тоңот. УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР! Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, жол азыгын, ысык суу, дары-дармек топтомун алыңыздар. Зарылдыгы жок болсо, жол жүрүүнү башка күнгө жылдырып туруңуз.